www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Талас регионалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө Айтматов районунда мыйзамсыз кум-шагыл казуу фактысы аныкталды.
Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу «Гранит Транс Сервис» ишканасы тарабынан жасалганы аныкталган. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, ишканага 35 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, мыйзамсыз иштин кесепетинен өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтирилип, 30 даана бадалдын өсүүсү токтотулгандыгы аныкталган. Жаратылышка келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 15 миң 212 сом өлчөмүндө доо коюлду.
Ошондой эле башкармалыктын кызматкерлери Талас районунда дагы бир ишканадан мыйзам талаптарына жооп бербеген жерге курулуш жана турмуш-тиричилик калдыктарын төккөн фактыны аныкташкан.
Бул мыйзам бузуу боюнча да Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, ишканага 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.