www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин лейтенанты Аскар Казыбековдун жубайы менен жолугушту.
Минкабдан билдиришкендей, Касымалиев маркум куткаруучунун жубайы Самара Равшан кызына жана жакындарына көңүл айтып, мамлекет анын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтөрүн белгиледи.
Аскар Казыбековдун менчик турак жайы жок болгондуктан, анын үй-бүлөсүнө Бишкектен эки бөлмөлүү батир сатып алууга каражат бөлүнгөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө Адылбек Касымалиев куткаруучунун жубайына батирдин документтерин жана ачкычын тапшырды.
Лейтенант Аскар Казыбеков ӨКМге караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу астындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунун (Суучулдар кызматы) терең суудагы куткаруучу-суучулдар станциясынын башчысы кызматын ээлеген. 2026-жылдын 27-июнунда Талас облусунда издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү учурунда кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон.
Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен лейтенант Аскар Казыбеков кызматтык милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн «Эрдик» ордени менен сыйланган.