www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таластагы №21 бир мандаттуу шайлоо округунда кайрадан шайлоо өтүшү мүмкүн. Мындай маалыматты БШКнын берген маалыматынын негизинде арым малымат булактары жазып чыгышты.

Анда, аталган шайлоо аймгагында талапкердин бири Бактыбек Чойбеков элдердин добушун ар кандай жолдор менен сатып алууга барганы шардана болду. Аталган округдан талапкер болуп, алдыңкы орунду камсыз кылган Бактыбек Чойбековдун күмөн санаткан жеңиши, ал тургай кантип көп добуш алганын айгинелеген жагдайлар ачыкка чыгып, бүгүнкү күндө БШКга 9 арыз жөнөтүлгөнү айтылууда.

Алардын ичинде: "Бактыбек Чойбековго добуш берүүгө кирип баратып миң сом, чыгып жатып миң сом алдым"- деп көрсөтмө бергендер да бар.

Дебатка катышпай, атаандаштары менен ачык күрөшкө чыккандан коркуп, элди иренжиткен эски  ыкмаларды колдонуп,  таза шайлоого шек келтирип, добуш сатып алуу менен көп добуш алууга үлгүргөн  Бактыбек Чойбековдун атаандаш талапкерлери бүгүн №21 Талас шайлоо округунда шайлоо таза өтпөгөндүгүн айтышып, сөз менен эмес иш менен далилдеп беришээрин айтып келишүүдө.

Жогоруда сөз болгондой, аталган аймакта добушту сатып алуулар Чойбеков тарабынан орун алганы боюнча атайын арыздар түшүп, ага кошумча добуштарды сатып алууга шектүү аракеттер болгону боюнча дагы маалыматтар чыгууда.

Айталы, ушул жылдын 25-ноябрында, ЖКге шайлоо жүрүп жаткан учурда Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Айбек Көчөрбаевдин демилгеси жана Ибраимов Мадыл баш болгон Жаңы Турмуш деген өзөндө жашаган дыйкан-фермерлердин демөөрчүлүлүк жардамы менен көп жылдардан бери бузулуп калган негизги жолго кум-шагыл төгүлүп ондолгон. Бул аракет шайлоо учурундагы эл добушун ачык эле сатып алуу болгондугу көрүнүп турат.

Себеби, Мадылбек Ибраимов талапкер болгон Бактыбек Чойбековдун Арал айыл аймагы боюнча улук агитатору экендигин баардык айыл аймагы билчү жана ал Чойбековдун мыйзамдуу көрсөтүлгөн агитаторлорунда дагы таасын көрүнүп турат.  Баарысы Чойбековдун  каражатына оңдолуп жатканын, аны шайлоо үгүтү кызуу жүрүп жаткан мезгилде Мадыл Ибраимов аркылуу жүргүзүлгөнү байкалып калган учурда, ал  маалыматтан Ибраимов Мадылдын аты өчүрүлгөн. Бул жерде шайлоо мыйзамдарын ачык бузуу даана байкалып тургансыйт.  Мына ушул маалыматтын өзү эле  Бактыбек Чойбековдун каражатына жол салынганын, элдин добушун жол салып сатып алганын ачык эле айта берчүдөй жагдай орун алып турат. Аталган иш боюнча тийиштүү мекемелер териштирип аныгына чыгат деген ишеничтебиз.  Мындай жагдайга президент да кайдыгер карабайт деген ойдобуз.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости