www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Талас районунун Беш-Таш айыл аймагындагы «Ботиков Марс» асыл тукум чарбасына барды.
Бул чарба айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган туруктуу бизнес-долбоор болуп саналат. Ишкана асыл тукум мал өстүрүү менен алектенип, эт жана сүт өндүрүшүн бирге өнүктүрүүгө мүмкүндүк түзүүдө.
Берилген маалыматка ылайык, учурда чарбада 70 баш ангус породасындагы эт багытындагы уй жана 31 баш голштейн породасындагы сүт багытындагы уй багылууда. Бул породалар жогорку продуктивдүүлүгү менен айырмаланып, сапаттуу эт жана сүт өндүрүүгө шарт түзөт.