www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылында “Шаурма сити” тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 11 адам күйүк алып, анын ичинен 3 бейтаптын абалы оор экени, алар жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланган. Ошондой эле жабыркагандарга кан керек болуп жатканын Кара-Буура райондук оорукананын жетекчиси Улан Бийгелдиев билдирген.
Бул билдирүүдөн кийин кайдыгер эмес жарандар кан тапшырып, жабыркагандарга жардам кылышууда. Донор болгондордун арасында өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов жана анын жардамчысы дагы бар.
Эске салсак, 4-январда саат 14:53тө Кызыл-Адыр айылынын Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү базардын жанында “Шаурма сити” тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып өрт чыккан. Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 15:28де чектөөгө алынып, саат 16:52де толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен "Шаурма сити" жайынан тышкары, эт, уюлдук телефон саткан дүкөн жана чач тарач күйгөн. Өрттүн аянты болжол менен 140 чарчы метрды түздү. Кырсыктын келип чыгуу себеби газ баллонду колдонуудагы өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу экендиги кабарланган.
Талас ОИИБи аталган өрт кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын, териштирүү иштери башталганын маалымдады.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg