www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армениянын президенти Армен Саркисян коронавирус жугузуп алды. 67 жаштагы президенттен вирус Британ баш калаасы Лондонго барган учурда аныкталган. Саркисян Лондонго бутуна операция жасатуу үчүн барган.
Негизинен церемониалдык укуктарга ээ болгон армян президенти учурда обочолонуп иштеп жатканы кабарланды.
Соңку учурда Британияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйдү. Бул өлкөдө вирустун мутацияланган түрү аныкталган соң бир катар өлкөлөр аба каттамдарын убактылуу токтоткон.
Британ премьер-министри Борис Жонсон 4-январдан тартып өлкөдө жалпы улуттук карантин жарыялап, чектөөлөрдү күчөттү.
Буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян да коронавирус менен ооруп, айыккан. Учурда Арменияда 160 миңден ашык адам вирус жугузуп алганы аныкталса, 2800ден ашыгы каза болду.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg