www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Талибан»* (Кыргызстанда тыюу салынган террористтик уюм) 50 жыл мурун жокко чыгарылган монархиялык конституцияны калыбына келтирүү ниетин билдирди. Бул тууралуу РИА Новостиге берген маегинде Юстиция министрлигинин башчысынын милдетин аткаруучу Абдул Хаким Шариат айтты.

Талибандын өкүлүнүн айтымында, Ооганстанда өлкөнүн акыркы падышасы Захир Шахтын доорунун конституциясы колдонулат. Бирок радикалдуу кыймыл шариат нормаларына каршы келген жоболорду андан чыгарат. Өлкөнүн акыркы падышасы Захир Шахтын конституциясы 1973-жылдагы төңкөрүшкө чейин күчүндө болгон.

Эске салсак, 6-сентябрда Ооганстан Ислам Эмиратынын (ЭЭА) убактылуу өкмөтүнүн Маданият министрлигинин башчысынын орун басары Забиулла Мужахид кыймыл жаңы конституциянын үстүнөн иштей турганын жарыялады. Ал документ толугу менен кайра жазыларын, же ага бир катар түзөтүүлөр киргизилерин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости