www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибдер түзгөн Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги Болгариянын бийликтерин Софияда жүк ташуучу унаадан сөөгү табылган мыйзамсыз мигранттардын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоого чакырды. Бул тууралуу "Талибан" кыймылынын билдирүүсүндө айтылат, деп билдирет Afintl.

«Биз бардык эл аралык уюмдардан, өзгөчө кабыл алуучу өлкөдөн адам сатуучуларды кармап, мыйзамдын колуна беришин каалайбыз», - деп айтылат Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

17-февралда Болгариянын полициясы Ооганстандан келген 18 мыйзамсыз мигранттын аба жетпей каза болушканына байланыштуу жети адамды камакка алды, деп билдирди Al Arabiya. Алар Софияга жакын жерде ташталган жүк ташуучу унаадан табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, унаа жыгач ташуу менен алектенип, жыгач тактайлардын астына жашынган 52 адамды ташып бараткан. Оогандыктар Франс Пресс агенттигинин маалыматына караганда, Түркиядан Батыш Европага бара жаткан. Болгария Түркия менен чектеш жерде жайгашкандыктан мигранттарга Европа өлкөлөрүнө барууга шарт түзөт.

Болгариялык аткаминер агенттик менен болгон маегинде кармалгандардын арасында мигранттарды ташыган шектүү да бар экенин тактады. Ал буга чейин да ушундай эле айыптарга катышып, адам сатуу боюнча беш айга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.

Жүк ташуучу унаада болгон жана аман калган 34 адам ооруканага жаткырылды. Софиядагы Пирогов атындагы оорукананын башкы дарыгери Спас Спасковдун айтымында, алардын айрымдары жүк ташуучу унаалардын түтүнүнөн дем алган көмүр кычкыл газына уулангандыктан дарыланып жатышат.

«Алардын абага жетүү мүмкүнчүлүгү чектелген, суу жок, ошондуктан алар катуу суусузданышкан. Алар бир нече күн тамак ичкен жок», - деди Спасков.

2021-жылы талиптер Ооганстанды басып алгандан кийин көптөгөн тургундар өлкөдөн чыга баштаган. Буга байланыштуу Европа Биримдиги Кеңеши көп сандаган качкындарды кабыл ала турган үчүнчү өлкөлөргө жардамды күчөтөрүн жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости