www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан" кыймылы түзгөн өкмөт Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өзбекстандагы гуманитардык жүгүн Ооганстанга киргизүүгө уруксат бере элек. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар БУУнун Качкындар иши боюнча башкы комиссарынын башкармалыгына шилтеме кылып кабарлашты.

Маалыматка караганда, жүк Ооганстанга качан жеткирилээри ооган тараптын уруксат беришине байланыштуу болот. Азыр бул маселе менен БУУнун Качкындар иши боюнча башкы комиссарынын башкармалыгынын Кабулдагы өкүлчүлүгү алектенүүдө.

Октябрдын ортосунда БУУнун башкармалыгынын 100 тонна гуманитардык жардамы Өзбекстандагы Termez Cargo Centеr деп аталган логистикалык борборго жеткирилген. Ал жактан жүк унаа менен Ооганстандын Мазар-и-Шариф шаарына ташылышы керек болчу.

Буга чейин БУУ Ооганстанга Өзбекстан аркылуу гуманитардык жүк жеткире турганын кабарлаган. Ооганстанда гуманитардык каатчылык күчөп жатканын белгилеген БУУнун өкүлдөрү бүгүнкү күндө 20 миллиондон кем эмес ооганстандык жардамга муктаж экенин билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости