www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибдердин өкмөтү "Талибан" кыймылын расмий таануу өтүнүчү менен Өзбекстанга кайрылбаганын билдирди.

Кыймылдын басма сөз катчысы Забихулла Муджахид "Озодлик" радиосуна берген маегинде алар өзбек өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын ырастап, бирок Ташкентке "Талибан" өкмөтүн расмий түрдө таануу өтүнүчү менен кайрылбаганын белгиледи.

29-январда Eltuz аттуу эркин басылма "жашыруун" документти жарыялаган. Анда талибдер өзбек өкмөтүнө Ооганстандын Ислам Эмиратын расмий түрдө таануу, ошондой эле "Талибанга" экономикалык жана техникалык жактан жардам берүү талаптарын койгону жазылган.

Макалада "жашыруун" делген документке Өзбекстан президентине караштуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов 2021-жылы 10-декабрда кол койгону айтылган. Документте Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен даярдалган талибдердин талаптарын аткаруунун планы жазылган.

Азырынча расмий түрдө ырастала элек, бирок аныктыгын өзбек өкмөтүндөгү бир гана булак тастыктаган бул документте талибдердин кайрылуусунун негизинде 31 пункттан турган маселелердин тизмесин түзүлгөнү жазылган.

Алардын негизгилери төмөндөгүлөр:

  • "Талибан" жарыялаган Ислам Эмиратын расмий таануу;
  • Ооганстанга электр энергиясын арзан сатуу, ошондой эле электр энергиясы үчүн карыздарды жөнөкөйлөтүлгөн тартипте бөлүп төлөө мүмкүндүгүн берүү;
  • Өзбекстандан алынып келинген товарлар үчүн импорттук алымдарды жоюу;
  • Транзиттик жүктөр үчүн алымдарды азайтуу;
  • "Термез — Мазари-Шариф — Кабул — Пешавар" темир жолунун курулушун тездетүү;
  • Ооганстандан Өзбекстанга кирген автоунаалардан алына турган 400 долларлык алымды толук жоюу;
  • "Талибандын" коопсуздук күчтөрүнө униформа, спорттук кийим алууга көмөктөшүү жана техникалык жардам көрсөтүү.

Өзбек өкмөтүндөгү булактын ырасташынча, "президент Мирзиёев Виктор Махмудов түзгөн планды дароо кабыл алган". Анын айтымында, документ кабыл алынып, аткарууга жөнөтүлгөнүн Өзбекстандын инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умрзаков кол койгон кат ырастап турат. Бул катты да Eltuz.com сайты жарыялады.

"Озодлик" радиосу бул жашыруун документ жана кат тууралуу өзбек бийлигинен расмий комментарий ала алган эмес. Бирок талибдердин басма сөз катчысы Забихулла Муджахид "Талибан" өзбек өкмөтү менен темир жол куруу жана Ооганстанды электр энергиясы менен камсыз кылуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди. Ошол эле маалда ал талибдердин жетекчилиги кыймылды расмий түрдө таануу тууралуу Ташкентке кайрылбаганы белгиледи.

– Алар "Өзбекстан — Торхам" багыты боюнча темир жолду өздөрү куруп жатышат. Мындан тышкары кызматташуу жана инвестициялар боюнча убадаларды берүүдө. Биз кыймылды расмий таануу боюнча жалпы дүйнөгө кайрылганбыз. Өзүнчө бир өлкөгө, анын ичинде Өзбекстанга кайрылган жокпуз", — деди Муджахид.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости