www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Талибан"* кыймылы Афганистандын айрым провинцияларында сакал алууга жана аялдардын телефон көтөрүүсүнө расмий түрдө тыюу салган эмес. Бул тууралуу Tolo News телеканалына убактылуу өкмөттүн маданият жана маалымат министрлигинин кызматкери Инаамулла Самангани билдиргенин РИА Новости кабарлады.
Буга чейин айрым ЖМКлар "Талибан"* кыймылы Афганистанда эркектердин сакал алуусуна жана барбершопторго баруусуна тыюу салганын жазып чыгышкан. Башында мындай эреже Афганистандын түштүк бөлүгүндөгү Гильменд провинциясына киргизилсе, кийин аны өлкөнүн бардык аймагына таратууну чечишкендиги айтылган.
"Министрлик тарабынан мындай буйрук чыккан эмес. Социалдык тармакта тарап жаткан маалыматтар министрликтики эмес", — деди Самангани.
"Талибан"* кыймылы август айында Афганистандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирип, 15-августта Кабулду басып алган. 31-августта караган түнү АКШ аскерлерин Кабул аэропортунан чыгарып кеткен. Сентябрдын алтысында талибдер буга чейин баш ийбей келген Панжшер аймагын да багынтып, Мохаммад Хасан Ахунд башында турган Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамын түзгөн.
* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм.
Булак: NazarNews.kg