www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистандын жаңы өкмөтү («Талибан»* өкүлдөрүнөн турган — ред.) баңгизаттардын контрабандалык жол менен тышкы өлкөлөргө чыккан жолун бууп салууга белсенип, Орусиянын жардамына ишеним артып турат. Мындай билдирүүнү маданият жана маалымат министри Забиулла Муджахид РИА Новостиге берген маегинде айткан.

«Биз Афганистандан контрабанда жолу менен башка өлкөлөргө кетип жаткан баңгизаттарды токтотолу деген ниеттебиз. Кудай берсе, алардын жолун бууйбуз.

Андан сырткары, Афганистанда кара куурай өстүрүү да өтө олуттуу көйгөй. Фермерлерге анын ордуна эмне өстүрүш керектигин сунуштаганыбыз абдан маанилүү.

Бул маселелерде көп өлкөлөр, анын ичинде Орусия контрабанданын жолдорун жок кылганга жардам бере алышы мүмкүн», — деген Муджахид.

Министрдин айтымына караганда, аталган аймактагы тынчтык, туруктуулук Орусия жана башка өлкөлөргө керек. Бирок Муджахид муну менен катар эле Афганистан үчүн алардын ишине башкалардын киришпегени маанилүү экенин кошумчалаган.

Мыйзамсыз алынган курал-жаракты контрабанда жолу менен ташып кетүүнү токтотуу, сыртка чыгып кеткен каражаттарды кайтаруу азыркы актуалдуу маселелерден болуп турганын айткан.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости