www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын Ички иштер министрлиги менен Чек ара министрлигинин делегациясы Өзбекстанга барып, өзбек бийлиги менен чек ара коопсуздугун талкуулады. Бул тууралуу Khaama Press басылмасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөр 8-июлда болгон. Бирок жолугушуу кайсы шаарда өткөнү жана ага кимдер катышканы айтылган жок.

Өзбек тарап азырынча бул боюнча эч кандай расмий маалымат бере элек.

"Талибандын" бийлиги өзбек кесиптештерине козголоңчул топтордун Өзбекстанга каршы ооган жерин колдонуусуна жол бербейбиз деп убада кылды", - деп айтылат билдирүүдө.

"Талибан" тараткан билдирүүдө "козголоңчул топтор" кимдер экени белгиленген эмес.

Акыркы эки жылда Ооганстандан Өзбекстандын аймагына бир нече жолу ракета атылган. Кол салуулар үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу өзүнө алган.

2022-жылы жазында "Свобода" радиосу Өзбекстан менен Тажикстан Ооганстан тараптан бери дегенде төрт жолу аткылоого кабылганын кабарлаган. 2022-жылдын 17-июлунда социалдык тармактарда "Ооганстандан Өзбекстанды көздөй 8 снаряд атылды" деген билдирүүлөр пайда болгон.

Андан көп өтпөй Өзбекстандын Коргоо министрлиги Ооганстандан Өзбекстандын аймагына үчүнчү ракеталык чабуул жасалганын четке каккан.

2022-жылы 7-майда ооган маалымат каражаттары согушкерлер Ооганстандан Тажикстандын аймагына 7 ракета кое бергенин жазып чыгышкан. Душанбе "снаряддар кокустан Тажикстандын аймагына түшкөнүн" жана "чек ара аскерлери күжүрмөн даярдыкта экенин" билдирген.

2022-жылы 5-июлда Ооганстандын аймагынан Термез шаарына 5 снаряд тийгени кабарланган.

Ошондой эле апрель айында бир катар расмий сайттар жана социалдык тармактардын колдонуучулары Ооганстан Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы аскер бөлүктөрүн он ракета менен аткылаганын жазып чыгышкан.

Өзбекстан Кабулду 2021-жылдын 15-августунда басып алган "Талибан" өкмөтү менен кызматташкан дүйнөдөгү саналуу өлкөлөрдүн бири. "Талибан" өкмөтүн эл аралык коомчулук дагы деле тааный элек.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости