www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 8-августта Ооганстандын Коргоо министрлиги Кабул кулаганда ооган аскерлери учуп кеткен тик учактарды кайтарып берүү өтүнүчү менен Тажикстан менен Өзбекстанга кайрылды, деп билдирет TOLOnews.
«Тик учактар ооган элинин менчиги. Аларды Ооганстандын азыркы өкмөтүнө, Коргоо министрлигине кайтарып берүү керек», - деди Талибандын өкүлү Инаятулла Хоразами.
«Айрым талдоочулар талибдердин өкмөтүн эл аралык коомчулук таанымайынча тик учактарды алуу мүмкүн эмес деп эсептешет. Ал эми тик учактар тууралуу айтсам, мен бул тик учактардын документтери Ооганстанга тиешелүү экенине ишенбейм. Экинчи маселе – бул эч бир өлкө тааныбаган талип өкмөтүнүн көйгөйү”, - деди бкл маселе боюнча мурдагы ооган дипломаты Фахим Кохдамани.
2021-жылдын августунда талип согушкерлери Кабулду басып алып, президент Ганинин администрациясын талкалаганда ооган аскерлери учак жана тик учак менен Өзбекстанга качышкан.
Үстүбүздөгү жылдын январь айында талиптер Өзбекстан менен Тажикстандан 40 тик учакты кайтарып берүүнү талап кылышкан. Андан кийин Талибандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Иноятулла Хорезми "эки өлкөнүн (Өзбекстан менен Тажикстан) өкмөттөрүнө тик учактарды Ооганстандын азыркы өкмөтүнө кайтарып берүү өтүнүчү бир нече жолу кайрылышканын" билдирген.
Кеп 22 учак жана 24 тик учак тууралуу болуп жатат, алар менен ооган аскерлери августта талиптер бийликке келгенден кийин Өзбекстанга качкан. Тажикстанга 18 дааналык афгандык учак техникасы да алынып келинген.
Булак: NazarNews.kg