www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооганстандын батышындагы Герат шаарынын четинде талибдер менен ооган коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда салгылашуулар болду. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазышууда.
Талибан шаарга жарым-жартылай ээлеп алганын билдирди. Бирок Кабулдагы ооган бийлиги четке кагып, талибдердин чабуулу кайтарылганын айтууда.
Маалыматтарга караганда, талибдер Ооганстандын бардык аймагында басып алуу аракеттерин улантууда.
Бул тапта АКШ жана башка чет элдик аскер күчтөрү өлкөдөн аскерлерин чыгарууну аяктоо алдында турат.
Ооган Коргоо министрлигинин басма сөз катчысынын орун басары Фавад Амандын билдиришинче, ооган коопсуздук жана коргонуу күчтөрү "талиптерди талкалап, алардын Герат, Кандагар, Гилменд жана Тахар провинцияларындагы чабуулдарын кайтарышты".
Ошол эле учурда 30-июлда Бириккен Улуттар Уюмунун жардам берүү миссиясынын бункерине кол салуу болду. Анда комплекстин күзөтчүсү болуп иштеген бир адам каза болгон.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Жалина Портер бул окуяны айыптады.
Булак: NazarNews.kg