www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооганстандагы журналисттердин улуттук ассоциациясы бийликке талибдер келгенден бери ооган ЖМКларынын 70 пайызы каражаттан кыйналып ишин токтотконун билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазат.
Алардын маалыматы боюнча, ооган журналисттеринин 67 пайызы жумушу жок калса, 33 пайызы кыйын кырдаалда кысым алдында иштеп жатат.
Ассоциация башчысы Масрур Лутфи жергиликтүү ЖМКлардын басымдуу бөлүгү каржы каатчылыгынан кыйналып жатканына токтолгон.
«Журналисттердин 40 пайызы коопсуздугу менен байланыштуу тынчсызданууда. Калгандарына деле оңой болгон жок. Анткени алар жумушсуз калды», — дейт ал.
Эске салсак, Ооганстандагы кырдаал Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң кескин курчуган. Август айынын башында «Талибан»* кыймылы Ооганстандын аскер күчтөрүнө чабуулун күчөтүп, 15-августта Кабулду басып алган. Анын эртеси эле согуш токтогону жарыяланган.
Августтун акыркы эки жумасы америкалык аскерлердин көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунан Батыштын жарандары жана алар менен кызматташкан оогандар массалык түрдө эвакуацияланган. 31-августка караган түнү дээрлик 20 жылга жакын Ооганстанда болгон АКШ аскерлери Кабул аэропортунан чыгарылып кеткен.
Сентябрь ичи талибдер убактылуу өкмөттүн курамын бекитип, чет мамлекеттерден расмий өкүлдөрдү кабыл алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм
Булак: NazarNews.kg