www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1-октябрдан тарта Тажикстанда "ТАЛКО" алюминий заводунан башка бардык керектөөчүлөр үчүн электр энергиясынын баасы жогорулайт. Өкмөттүн 31-августта кол коюлган тиешелүү токтому 13-сентябрда расмий түрдө жарыяланды.
Токтомго ылайык, 1-октябрдан тарта өнөр жай ишканалары электр энергиясынын ар бир кВт/сааты үчүн 60,65 дирамдан, бюджеттик мекемелер менен ишканалар 26,51 дирамдан, насос станциялары жайкысын 9,2 дирамдан, кышкысын 26,51 дирамдан төлөшөт. Жөнөкөй жарандар үчүн электр жарыгы үчүн тариф азыркы 22,66 дирамдан (2,3 цент) 26,51 дирамга (2,5 цент) чейин жогорулайт.
Буга чейин айрым эксперттер калкка жана башка өндүрүштүк ишканаларга салыштырмалуу "ТАЛКО" заводу электр энергиясын арзан алып жатканын сындап чыгышкан. Бирок заводдун өкүлдөрү электр энергиясын дүңүнөн сатып алып жаткандыктан, кыйла төмөнкү тарифтер боюнча төлөөгө укуктуу экендиктерин айтышкан.
"ТАЛКО" менен катар эле "Тажик металлургиялык комбинаты" да жайкысын электр энергиясын жеңилдетилген баада алып турат. Башка өндүрүштүк ишканалар 1-октябрдан тарта бир кВт/саат үчүн 60,65 дирамдан төлөй баштаса, "Тажик металлургиялык комбинаты" жайкысын 10,64 дирамдан төлөйт.
Расмий маалыматтаргы алйык, "Тажик металлургиялык комбинатынын" негизги буйрутма берүүчүсү "Фароз" компаниясы эсептелет. Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун (OCCRP) 2018-жылдагы материалында "Фароз" компаниясы тажик президентинин күйөө баласы Шамсулло Сохибовго таандык экени айтылган.
Тажикстандын бийлиги азырынча электр энергиясына болгон тарифтердин жогорулашынын себептери боюнча түшүндүрмө бере элек. Бирок буга чейин азыркы тарифтер электр жарыгын иштеп чыгууга кеткен чыгымдарды жаппай турганын билдирген. Өлкөдө акыркы жолу электр энергиясынын тарифи 2019-жылы июлда көтөрүлгөн.
Бир нече эл аралык каржы уюму, анын ичинде Дүйнөлүк банк Тажикстандын өкмөтүнө электр энергиясын пайдаланууну стимулдаштыруу үчүн 2025-жылга чейин акырындык менен тарифтерди жогорулатууну сунуштаган. Ошол эле маалда алар тажик бийлигинен калктын социалдык көйгөйлөрүн чечүүнү жана айлык акылар менен пенсияларды жогорулатууну талап кылган. Эки жыл мурда Дүйнөлүк банк мамлекеттик "Барки точик” энергохолдингинин каржылык абалын жакшыртуу үчүн Тажикстанга 134 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлүп берген.
Булак: NazarNews.kg