www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйыл жайында Бишкекте таштанды маселеси актуалдуу болуп, шаар тургундары өз убагында чыгарылбай жатканына нааразы болууда.
Буга байланыштуу даттануулар АКИpress сайтына май айынын аягында түшө баштап, 25-июлдан тарта арыздардын саны кескин өскөн.
Маселе шаардын борбордук бөлүгүндө да, турак жайларда да байкалган.
Мындан улам 29-июлда Султан Алыбаев “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси кызматынан бошотулуп, анын ордуна Нурлан Касымов дайындалган.
Биринчи Май районун тазалоого «ЭкоПроф» ЖЧКсы тартылып, ишкана 2022-жылдын 5-августунан тарта иштей баштаган. Октябрь районун болсо «Комтранском» ЖЧКсын тазалоодо. Ал эми, Ленин жана Свердлов райондору “Тазалык” ЖКнын карамагында калган.
Акыркы учурларда социалдык тармактарда таштанды маселеси абдан талкуланууда. Бул жөн гана Бишкек мэриясынын ишине көлөкө түшүрүп, мэр Эмил Абдыкадыровдун ээрден түшүүсүнө карата кайсы бир адамдар тарабынан жасалып жаткан ишби? - деген ой кетет.
Журналист Жазгүл Карбосова өзүнүн социалдык тармагына:
--"Бул 12-кичи район тарап. 08.08.22. Кечинде таштанды салынчу челектер жуулуп, бош жана таза боюнча турган. Эртең менен таштандылар баягы таштанды челектин ичине эмес, сыртына атайын ташталган сыяктуу абалда экен. Таң калдым. Мындай мамиленин эмне кереги бар? Атайын челек турган соң ичине ташта! Ушунча келген бут челекке жетпей калганбы? Же бул атайын мэрди жаманатты кылуу үчүн жасалып жаткан кыянатчылыкпы?! 4-5 таштанды толгон челекти сүрөткө тартып алып, бирөөнү эле боктой бербей, өзүбүз да таштанды таштоонун этикасын билип алсак жакшы болоор беле?…
Акты ак, караны кара деп калыс сөз айтуу Кудайга деле жакса керек. Акыркы учурда таштандынын шылтоосу менен Бишкектин мэрине жугунду куйгандай эле посттор жазылып жатат. Ал посттордон эле ким-кимди колдоп, кимди пиарлап жатканы, кимдин группасы деген нерселер ачык эле билинет экен. Менин мэр менен деле ысык-суук, жакындыгым жок. Бирок, мэрия уюштурган бир эмес, эки пресс-турга катышып, мектептердин, жолдордун курулуп жатканына күбө болгом. Ачыгын айтканда жарым жылда 15 мектептин курулушун бүтүрүп ишке беребиз деген аракет деле оңой-олтоң иш эмес. Бишкекте мындай аракет буга чейин болбосо керек. Эмнеге жасалып жаткан жакшы иштерге келгенде көрбөй, ал эми бир аз кемчиликти көргөндө көрөгөч боло калабыз?… Аттиң… Мындай көрпенделик каякка жетелээр экен. Эмнеси болсо да кимге-ким ор казса, өзү түшөрүн унутпаса…", - деп пикир калтырган.
Ал тиркеген сүрөттөрдө чынында бош таштанды салчу челектердин жанында, жерден таштанды үйүлүп жатканын көрүүгө болот.