www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын курчушунан улам Ош шаарындагы коомдук тамактануучу жайларга саат 22:00гө чейин гана иштөөгө уруксат берилет. Алардын ичинде түнкү клубдарга да ошол эле чектөө киргизиле турганын Ош мэриясынан тастыкташты. Тиешелүү чечим жергиликтүү коргонуу штабында кабыл алынды. Анда белгилүү болгондой, талапка баш ийбеген жайлардын иши токтотулат.
Мындан сырткары ар дүйшөмбү сайын базарлар дезинфекциялоо иштери үчүн жабылат.
Ош шаарында коронавирус жуктуруп алгандардын саны 323кө жетти.
Аталган чечим бүгүн, 20-июндан тарта ишке ашырылат.
Булак: NazarNews.kg