www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тамак-аш азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү менен иштеген объектилерди текшерүүгө мурда киргизилген мораторий алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Тамак-аш азыктарын өндүргөн тшканаларга байланыштуу жугуштуу оорулардын жана массалык уулануулардын алдын алуу, тамак-аш коопсуздугун жана эпизоотиялык бакубаттуулукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылы 17-декабрдагы «Ишкердик субъекттерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндөгү» токтомунун 1-пунктуна өзгөртүү киргизилди.
Ага ылайык, тамак-аш азыктарын (сактоо, ташуу, иштетүү) өндүрүп жана саткан объектилерде Кыргыз Республикасынын тамак аш коопсуздугу боюнча техникалык регламент жана башка ченемдик-укуктук актыларын талаптарынын сакталышын текшерүүгө салынган мораторий алынды.
Бишкектеги акыркы массалык ууланууга байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиялык көзөмөл борборунун адистери эми бүткүл республика боюнча жалпы тамактануучу жайларды текшерүүгө алат.
Булак: NazarNews.kg