www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тамчы айылында жайгашкан «Елизавета», «Урпак Резорт» жана «Авангард Стиль» курулуш компаниялары тарабынан Ысык-Көл көлүнүн акваториясына кум жана топурак төгүлүп жаткандыгы тууралуу интернет булактарында видеоматериалдар боюн Экология министрлиги комментарий берди.
"Аталган фактылар боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы 2026-жылдын 22-апрелинде жеке жана юридикалык жактардан расмий арыздарды кабыл алынган.
Экономика министрлигинин макулдугунун негизинде 2026-жылдын 23-апрелинен тартып жогоруда аталган курулуш компанияларына карата пландан тышкары текшерүү иш-чаралары башталды, анын жыйынтыгы боюнча мыйзам чегинде жогоруда аталган кампанияларга карата тиешелүү чаралар көрүлөт.
Текшерүүнүн алкагында:
- Кум жана топурак төгүүнүн кесепетинен Ысык-Көлдүн жээк тилкесинин абалынын өзгөрүшүнө алып келген жер тилкелеринин аянтын жана көлөмүн аныктоо максатында маркшейдерлик өлчөөлөр жүргүзүлүүдө;
- Сууну коргоо зонасында жана суу объектисинин аймактарында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча тиешелүү иш кагаздары талап кылынды", - деп билдирди министрлик.
Ошондой эле, учурда курулуш компаниялары талап кылынган документтерди көрсөтүлө электиги белгилүү болду.