www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн белгилүү болгондой, Жогорку кеңеш тарабынан 29-июлда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки, никотин керектөө кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндөгү» мыйзамга президент Садыр Жапаров кол коюптур. Дагы бир башка – «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» – мыйзам 28-июлда кабыл алынган, бирок президент ага 23-августта кол койгон.
Мындай чоң убакыт айырмачылыгын – бир айдан ашык – тамеки чегүүнү кыскартууга багытталган мыйзамга көптөгөн ишкер жана бизнес-бирикмелер каршы чыгып келгени менен түшүндүрсө болот. Тамеки сатуу азайса, бюджетке бир топ каражат түшпөй калат деген ишкерлерге тамеки компаниялары тарабынан жалданган саясатчылар, депутаттар, коомдук ишмерлер менен журналисттер дагы кошулуп кеткен жана жаңы мыйзамды алар кээде кеоррупциялык деп да атаган.
Бүгүн да бир маалымат агенттигинде – караңгы эл никотин ракка алып келет деп эсептейт, аалымдар менен эксперттер болсо башка пикирде деген маалымат жарыяланды. Ал макалада – никотин көптөгөн жашылча-жемиште бар, мисалга, баклажанда көп, биз андай өсүмдүктөрдү такай пайдалабыз, бирок оорубайбыз деп айтылат. Макала авторунун пикиринде, никотин адам организмине ар башка жол менен кириши мүмкүн, бирок эч кандай ооруга алып келбейт.
Ал маалыматта – никотин кошулган бирикмелер, мисалга, никотин кислотасы дары болот деп да жазылган. Никотин кислотасы болсо – кадимки эле РР витамини. Андан тышкары, улгайган адамдардын алжышын – Альцгеймер оорусун – токтотууга да никотин жардам бере турганы жөнүндө факттар бар деп жазылган. «Карыганда алжыбаш үчүн тамеки чеккиле!» – деген гана чакырык жетпей калгандай.
Макаланын негизги корутундусу – никотин өзү эмес, тамеки чеккенде пайда болгон түтүн зыяндуу, ошондуктан кадимки сигарет же папирос эмес, электрондук сигаретти пайдаланыш керек, анткени алар күйбөйт, демек, түтүн да чыкпайт. Окумуштуулар далилдегендей, түтүнсүз электрондук сигареттерден чыккан зыяндуу заттар кадимки сигареттерге караганда 95 пайызга аз деп ачык эле айтылат.
2019-жылы Тажикстанда, 2020-жылы Арменияда, ага чейин болсо Орусия менен Казакстанда тамеки чегүүгө каршы катуу мыйзамдар кабыл алынгандан кийин, тамеки өндүргөн эл аралык компаниялар – ошондой катуу мыйзам Кыргызстанда да кабыл алынып кетпесин деп бардык мүмкүн болгон чараларды колдонду. Мыйзам Жогорку кеңештен өткөндөн кийин болсо ошол эле күчтөр – ага президент кол койбосу үчүн дагы бардык күчүн жумшады.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдиргенине караганда болсо, кадимки сигареттер адам үчүн канчалык зыян болсо, электрондук сигареттер деле ошончолук зыян. Уюмдун айтымында, электрондук сигаретти тамеки компаниялары жаш өспүрүмдөр арасында таратууга өтө кызыкдар, анткени алар ар башка гаджетти жакшы көрөт, бирок аны пайдаланган жаштар кийин, башкаларга караганда, 3 эсе көп кадимки сигарет чегүүгө өтөт.
Никотин менен никотин кислотасы ортосундагы айырма болсо – темир менен аны баскан дат ортосундагы айырмадай. Темирди кычкылтектин таасиринен улам дат басат, никотин кислотасын дагы окумуштуулар никотинден – кычкылдануу реакциясы аркылуу синтездеп чыккан. Адам организминде дагы никотин менен никотин кислотасы табигый жол менен эч качан бир-бирине айланбайт.
Адамдын алжышы тууралуу болсо Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2014-жылы «Тамеки чегүү жана деменция» деген отчёт жарыялаган, анда Альцгеймер оорусуна чалдыгуу коркунучу тамеки чеккендер арасында чекпегендерге караганда 14 пайызга көбүрөөк деп айтылат. Британиялык Lancet журналы болсо 2017-жылы – алжыгандыкка алып келген дүлөйлүк менен билимсиздиктен кийинки үчүнчү себеп – тамеки чегүү деп жазып чыккан.
Дүйнө калкы акыркы жылдары тамекиден улам көп баш тартып келатат. Бир кезде «Мальборонун» рекламасындагы ковбойлорду туурап тамеки чеккен муун дагы өтүп баратат. Анын кесепетинен бир топ кирешесинен айрылган тамеки компаниялары алардын ордуна жаштарды тартууга кызыкдар, ошондуктан электрондук сигареттерге басым кылууда. Бирок ошол «Мальборонун» рекламасына тартылган 4 актёр, алардын ичинде Уэйн Макларен дагы, темеки чегүүдөн чыккан оорудан кайтыш болгонун унутпаш керек.
Булак: NazarNews.kg