www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Ташкент облусунун Уртачирчик районунда 15 жаштагы кыз атасынан кош бойлуу болуп калды деген маалымат тарады.

Кыздын апасы Сирожиддин Медиага берген маегинде күйөөсү кызын эки жылдан бери зордуктап жүргөнүн айткан.

«Үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрда, күндүзгү саат бирлер чамасында, жумушта түшкү тыныгууда, кызым мага чалып, атасы аны зордуктап жатканын айтты», - деди жабырлануучунун апасы.

Кыздын айтымында, атасы аны биринчи жолу 13 жашында зордуктаган. Учурда ал кош бойлуу.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, бул факт боюнча Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда шектүү камакка алынды.

"Бул иште чындыкты аныктоого тоскоолдук кылуу аракеттерине жол бербөө үчүн, калган маалыматтар ачыкталган жок", - деп белгилейт Башкы прокуратура.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости