www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда акыркы күндөрү Ташкентте балдар арасында белгисиз жугуштуу оору жайылып жатканы тууралуу маалымат пайда болду. Буга байланыштуу борбор калаанын дарыгери Саламаттыкты сактоо министрлигин мектептер менен бала бакчаларды 10 күндүк карантинге жабууга чакырды, деп жазат uznews.uz.
“Кесиптик этиканы сактоо менен дарыгер өз тыянагын өзү иштеген медициналык мекеменин жетекчилигине айтышы керек болчу. Ал эми анын маалыматы далилденген болсо, албетте, тиешелүү чаралар көрүлмөк”, - деп белгилеген аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги.
Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги балдар арасында оорунун күчөшү сезондук суукка байланыштуу экенин айтты.
«ОРВИнин симптомдору менен ооруканага түшкөн балдардын көпчүлүгүнүндө сезондук суук тийиүү гана байкалууда. Алардын дээрлик бардыгы вируска каршы даарылануудан 3-4 күндөн кийин эле айыгып кетишет. Ошондуктан, биздин өлкөдө орто мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди карантинге жабууга негиз жок”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Булак: NazarNews.kg