www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фергана облусунун Куштепа районунда жайгашкан №27 бала бакчадан эркек кишин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалым болгондой, 20-ноябрь күнү саат 07:00дөр чамасында Фергана облусунун Куштепа районунун «Кургонча» конушунда жайгашкан №27 бала бакчадан эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыгында адам көмүр кычкыл газына ууланып каза болгондугу аныкталган.

Район башчысы атайын комиссия түзүп, жогорудагы окуяны тыкыр иликтөөнү тапшырды.

Буга чейин маалымдалгандай, 17-ноябрда Самарканд облусунун Пастдаргом районунда контейнердин ичинен эки адамдын сөөгү табылган. Белгиленгендей, өлүм химиялык уулануунун натыйжасында болгон.

Анын алдында Өзбекстандын укук коргоо органдары дагы Нукус мамлекеттик педагогикалык институтунун студенти жылытуу казанынан көмүр кычкыл газы агып каза болгонун кабарлаган. Окуя Нукус кичи районундагы ижарага алынган батирде болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости