www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун (ДССУ) билдирүүсүндө Танзанияда өлүмгө алып келген «Марбург» вирусунан 8 кишинин каза болгондугу билдирилип, эпидемиянын өлкө жана аймакта дагы көп жайылышы мүмкүн экендиги эскертилди, деп жазат трт.нет.
Танзаниянын Кагера аймагында башталган «Марбург» вирусу тууралуу ДССУга мүчө өлкөлөргө маалымат берилгендиги белгиленген билдирүүдө 9 шектүү бейтаптын да иликтенип жаткандыгы бөлүшүлдү.
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус да X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө жакынкы күндөрү бейтаптардын көбөйүшү мүмкүн экендигин эскертти.
"Жакынкы күндөрү бейтаптарды көзөмөлдөө жакшырган сайын дагы көп учурларды күтүүдөбүз. ДССУ Танзания өкмөтүнө жана жабыркаган коомдорго толук жардам берди, - деди Гебрейесус.
Танзанияга коңшу өлкөлөрдүн сергек болушу жана мүмкүн болуучу учурларга даяр болушу керек экендигин белгилеген Гебрейесус коркунуч астындагы өлкөлөргө Танзания менен саякат жана сооданы чектөөнү сунуштады.
Эбола вирусу менен бир үй-бүлөдөн болгон «Марбург» вирусун жуктурган адамдарда өлүм катнашы 88 пайызга жетиши мүмкүн.
Жарганаттардан адамдарга жугуучу вирус жакын байланыш аркылуу тарайт.
Симптомдору: дене табынын көтөрүлүшү, булчуңдардын оорушу, диарея, кусуу жана кээ бир учурларда кандын көп жоголушу.
ДССУ вируска каршы атайын дарылоонун же вакцинанын жок экендигин бирок бир катар кан препараттары, дарылар жана иммунотерапиянын иштелип чыккандыгын маалымдаган.