www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитети бүгүн, 17-ноябрда республиканын 2021-жылдын бюджети жана 2022-2023-жылдардын болжолу тууралуу мыйзам долбоорун карады.
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар жолдорду куруу, оңдоп-түзөө, транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана мамлекеттик тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн казына каражатын натыйжалуу пайдалануу маселесин козгоду.
Депутат Рыскелди Момбеков 2021-жылы 163 млрд сом түшүрүүнү пландаган бюджеттин долбоорунда конкреттүү каржы булактары көрсөтүлбөгөнүн белгиледи. Анын баамында эл аралык өнөктөштөрдөн каржылык колдоо жоктугун, ири кен иштетүүчү компаниялардын жабылышын эске алып, мындай катаал экономикалык кырдаалда өкмөт реалдуу бюджеттин долбоорун алып келиши керек.
Депутат Тынчтыкбек Конушбаев капиталдык салымдар беренеси боюнча каржыланып, бирок курулушу көп жылдарга созулган обьекттер боюнча сөз козгоду. Военно-Антоновка айылында 2011-жылы курулуп башталган мектеп ушул күнгө чейин бүтө элек деп мисал келтирди ал. Аны менен катар парламентчи кыргыз-казак чек арасындагы абалды, өзгөчө оор жүк ташуучу унаалар кезекке тизилип өтө албай жаткан "Ак-Тилек" өткөрүү пунктун жөнгө салуу керектигине көңүл бурду. Депутат Конушбаев чек арадан унааларды өткөрүүнү тездетүү үчүн кыргыз өкмөтү кечиктирилгис чараларды көрүүсү керектигин айтты.
Ал эми депутат Калдарбек Баймуратов унаа жолдору сапатсыз курулуп жатканына нааразылык билдирип, жолдор курулуп бүтпөй жатып, артынан бузулуп жаткан учурларды айтты.
Эл өкүлү Улукбек Ормонов казына каражатын максаттуу пайдалануу тууралуу ой бөлүшүп, бирдиктүү депозитке түшкөн экономикалык жана кызматтык кылмыштардан өндүрүлгөн каражаттар кайда жумшалып жатканына кызыгып, ал акча бюджетке чегерилгенби деп сурады. "ЖМКлар мамлекеттин пайдасына алынган көптөгөн миллион суммалар тууралуу жазып жатат. Тийиштүү органдардын жетекчилерин чакырып, ал акчаны бюджетте эске алуу керек ",- деди Ормонов. Өкмөт өкүлү ал каражат соттун өкүмүнөн кийин гана бюджетке которулат деп билдирди. Учурда бюджетке 450млн сом түшкөн.
Депутаттардын сунушу менен комитет стратегиялык багыттар боюнча маселелерди биринчи вице-премьер-министрге жана башка тийиштүү жетекчилерге даректеп, бюджеттин долбоорун кийинки отурумда да талкуулоону улантмай болду.
Булак: NazarNews.kg