www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-декабрдагы Жогорку Кенештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында бир катар депутаттар тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" жана "Акционердик коомдор жөнүндөгү" мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралып, колдоо тапты.

Демилгечи депутаттардын бири Гүлшат Асылбаева аталган мыйзам долбоору мамлекеттик сатып алуу жаатындагы мыйзамдарды жакшыртуу жана аудиттик көзөмөл багытындагы мыйзамдарды бири-бирине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккандыгын белгиледи.

Ошондой эле тармактык комитеттин бүгүнкү жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-июлундагы №389 токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоору талкууланып, колдоо тапты.

Экономика министринин орун басары Бекболот Алиевдин айтымында аталган мыйзам долбоору колдонулушу “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому - системалык оператор тарабынан 2015-жылдын 12-августунан тартып жыштыкты (кубаттуулукту) жөнгө салуу кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерге жайылтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости