www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салык кызматы Артём Новиковдун сынына карата жооп кайтарды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков тарабынан кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жакын жайгашкан «Чалдовар» КӨПтү кыдыруу учурунда контролдук өткөрүү пунктунун иштөөсү тууралуу салык кызматынын дарегине айтылган сын боюнча комментарий берди.

Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Мамлекеттик салык кызматы товарларды эсепке алуу жол-жоболорун автоматташтыруу жана товарларды мыйзамсыз ташып өтүүгө каршы күрөшүү максатында “Жыйынды пост” автоматташтырылган маалымат системасын ишке киргизүүнүн алкагында бардык керектүү иш-чараларды белгиленген мөөнөттө аткарган. Контролдук өткөрүү пункттарынын иштөөсүн камсыздоого салык кызматынан тышкары 8 мамлекеттик орган катышат, алардын негизгилери салык кызматы менен биргеликте жаңы системалардын ишке киргизилиши жана андан ары иштеп кетүүсү үчүн жооптуу.

“Салык кызматы тарабынан товарларды эсепке алуунун пилоттук системасы ишке киргизилбегендиги жана керектүү жабдуунун орнотулбагандыгы”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндөгү кеңешменин жүрүшүндө (03.11.2020-жылдагы №17-82 протокол) Артём Новиков тарабынан Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасын (ТМЭБС) толуктап иштеп чыгуу боюнча тийиштүү иштер аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын кызматкерлерин керектүү уюштуруу техникасы менен камсыз кылуу жана 2020-жылдын 15-ноябрына чейин “Жыйынды пост” автоматташтырылган маалымат системасын колдонуу боюнча окутуу тапшырмасы берилген. Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын 13-ноябрында бул тапшырманы аткаруу максатында Мамлекеттик чек ара кызматынын «Чалдовар-автожолу» контролдук өткөрүү пунктундагы кызматкерлерине керектүү жабдууну берди. Контролдук өткөрүү пункту кирүү чектелүү өзгөчө корголуучу аймак болуп эсептелгендиктен ТМЭБС адистештирилген системасына багытталган кандай кыймыл аракет болбосун, түздөн түз анын ээси (УКМК) жана колдонуучусу (МЧК) тарабынан ишке ашырылат”, - деп айтылат маалыматта. 

Салык кызматы 2020-жылдын март айынан тартып “Жыйынды пост” автоматташтырылган маалымат системасын ишке киргизүүгө даяр болгону менен, башка ыйгарым укуктуу органдардын даяр эместигинен ушул мезгилге чейин система толук масштабда ишке киргизиле элек. 2020-жылдын 16-18-ноябрь күндөрүндө программа алдын ала сыноодон өткөрүлдү, мында дагы бир жолу көйгөйлөрдүн бар экендиги, оңдоп-түзөөнүн зарылдыгы аныкталып, аларды жоюу башка мамлекеттик органдардын компетенциясы болуп эсептелерин белгиледи.

“2020-жылдын 3-ноябрындагы Артём Новиковдун төрагалыгында өткөн кеңешменин протоколуна ылайык, Салык кызматына эмес, Чек ара кызматына ушул жылдын аягына чейин Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара участогундагы өткөрүү пункттарына кошумча видеобайкоо камераларын орнотуу тапшырмасы берилген. Салык кызматы «Бетамонт» системасы боюнча маалыматтырды салыштыруунун мүмкүн эместигин бир нече жолу маалымдаган, анткени ал Транспорт жана жолдор министрлигинин балансында турат жана салмак габариттик контролдоо адистери тарабынан тейленет. Мамлекеттик салык кызматы айтылган маселе боюнча Өкмөттүн Аппаратынын жана кызыктар мамлекеттик органдардын дарегине 15тен ашуун кат жолдогон. Аларда салык төлөөчү-импорттоочулар тарабынан берилген маалыматтарды «Бетамонт» системасында жазылган маалыматтар менен салыштыруунун мүмкүн эместиги айтылган”, - деп белгилешти басма сөз кызматынан.

“Өлкөгө кирген транспорттук каражаттардын саны тууралуу Салык кызматы, Чек ара кызматы, Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматтарындагы айырма боюнча белгилей кетсек, ар бир мамлекттик орган бекитилген иш регламентине ылайык, ошондой эле, кызматтык функцияларына жараша транспорт каражаттарын каттоонун өзүнө таандык методикасын колдонот.

Мисалы:
- салык органынын кызматкерлери үчүнчү өлкөлөрдөн жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн жүк (товар) импорттоочу транспорттук каражаттарды белгилеп турат, бирок ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн импорттоо же жеке максатта товар ташуучу транспорттук каражаттарды гана каттоого алат.

- чек ара кызматынын кызматкерлери баардык, анын ичинде, үчүнчү өлкөлөрдөн кирүүчү транспорттук каражаттарды белгилейт,

- Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкерлери салмак габариттик контроль аркылуу 18 тоннадан оор – жолдун кыртышын бузган жүгү (товары) бар транспорттук каражаттарды гана белгилейт”, - деп кошумчалашты Салык кызматынан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости