www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыздын биринчи жазма акыны Тоголок Молдонун мечит, медресеси чирип жок болушун күтпөй, улуттук маданий мурастардын тизмесине киргизүү зарыл. Мындай пикирин активист Бекжан Шыгаев бүгүн, 30-ноябрда NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
"Тарыхтагы алгачкы жазма акын Тоголок Молдонун тарыхый архитектуралык баалуу мурасы болгон мечит, медресеси бүгүн жок болуу коркунучунда.
Ал 18 жашында манасчы Тыныбектен жаттап, "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигин 98 703 сап кылып араб арибинде кагаз бетине түшүргөн. Андан сырткары, эл оозундагы дастандарды, уламыштарды кагаз бетине калтырган, тамсилчи, санжырачы катары белгилүү.
Тоголок Молдо эскерилген сайын боз үйлөр тигилип, жылкы союлуп той-торопо менен аяктап, бирок, тарыхый мурасы күнгө, жаанга чирип турганы бул факт. Кээ бир улуттар тарыхын таппай токуп жазышууда. Ал эми биздин бийлик колдо турган мурасты кароосуз калтырып жатканда эл кантип өнүгүп, алдыга жылсын?
Маданият министрлиги Тоголок Молдонун мечит, медресесин улуттук маданий мурастардын тизмесине киргизбей, чирип жок болушун күтүп жаткандай", - деди Шыгаев.
Белгилей кетсек, залкар акын, агартуучу Тоголок Молдо 1860-жылы 17-июнда Нарын өрөөнүнүн Куртка айылында туулган. Ырды 14 жашынан жаза баштаган. Көбүнчө сүйүү ырларына кайрылган. 18 жашында Тыныбек манасчыга жолугуп, кошо жүрүп "Манасты" үйрөнгөн. Чыгармачылыгы көп кырдуу, тематикага бай. "Шырдакбек", "Жаңыл Мырза", "Мендирман" дастандарын айтып, жаздырган. "Манасты", "Семетейди" да айтып элди көп кыдырган, санжыра жазган. Кошок ырларга да көп көңүл бөлгөн. Фольклордук сюжеттеги "Кемпир-чал", "Бабырган", "Телибай тентек" жана башка көптөгөн сатиралык ырлары, тамсилдери бар.
Өз заманынын сабаттуу адамдарынын бири, Тоголок Молдону кыргыздын биринчи жазма акыны деп аташат. Ал карапайым эл арасында агартуучулук иш алып барган алгачкы инсандардын бири катары таанымал.
Булак: NazarNews.kg