www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Таш-Көмүр шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси болуп Урмат Эркинбек уулу дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койгон.

Жаңы жетекчини эмгек жамаатына Шаар куруу жана архитектура департаментинин Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Дастан Кадыров тааныштырып, алдыдагы ишине ийгиликтерди каалады.

Белгилүү болгондой, Урмат Эркинбек уулу буга чейин Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинде жетектөөчү адис болуп эмгектенип келген.

Ал эми аталган кызматты аркалап келген Тумарбек Жолчубев өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган.

Последние новости