www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таш-Көмүр шаарында мурдагы «Кристалл» заводунун аймагында 15 жылдан ашык убакыттан бери сакталып келген кооптуу химиялык заттарды жок кылуу жана утилдештирүү боюнча алдыдагы иштер талкууланды.
15-сентябрда жергиликтүү тургундар, коомдук жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, анда объектти коопсуз абалга келтирүү боюнча пландар жана коопсуздук чаралары тууралуу маалымат берилди.
«Кристалл» заводу 1989-жылы поликристаллдык кремний өндүрүү үчүн курулуп, 2010-жылы ишин токтоткон. Бирок заводдун аймагы консервацияланбай, технологиялык линияларда уулуу жана жарылуу коркунучу бар заттар калган.
Учурда объектте 155 тоннага чейин уулуу химиялык зат сакталганы маалымдалды.
Кыргызстанда кооптуу химиялык заттарды жок кылуу жана утилдештирүү иштери Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын май айындагы чечиминин негизинде жүргүзүлүүдө.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.
Иштерди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул багытта тажрыйбасы бар Россиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын Федералдык экологиялык оператору менен биргеликте жүргүзөт.
Адистердин маалыматына караганда, алгач аянтчаны даярдоо иштери жүргүзүлөт.
Андан соң аварияга каршы чаралардын алкагында технологиялык сыйымдуулуктардагы басым турукташтырылып, бөлүнүп чыккан газдар зыянсыздандырылат.
Кийинки этапта кооптуу химиялык заттар резервуарлардан чыгарылып, щелочтук гидролиз ыкмасы менен зыянсыздандырылат.
Долбоордун бардык этаптарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, «Росатом» мамлекеттик корпорациясы жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан айлана-чөйрөнүн абалына мониторинг жүргүзүлөт.
Жолугушууда адистер калкка жүргүзүлө турган иштердин этаптары, колдонулуучу технологиялар жана коопсуздук чаралары тууралуу маалымат берип, тургундардын суроолоруна жооп беришти.
Маалыматка ылайык, долбоор Кыргызстан менен Россиянын экологиялык кызматташтыгынын алкагында ишке ашырылууда.
Аны иштеп чыгууда Россиядагы мурдагы «Усольехимпром» ишканасы жана Байкал целлюлоза-кагаз комбинаты сыяктуу экологиялык зыян келтирген өнөр жай объектилериндеги иштердин тажрыйбасы эске алынган.