www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ат кулакты дарылыкка күзүндө даярдайт. Дарылыкка тамырын, гүлүн, сабагын жана жалбырагын пайдаланса болот.

Даярдалган тунманы аз өлчөмдө пайдаланса ич өткөктүн жеңил формасына жакшы, көп өлчөмдө пайдаланса ич өткөнгө жакшы натыйжа берет. Ошондой эле геморройго, кан токтотууга, ооздун оюлганына, ангинага пайдаланса болот.

Ич катканга тамырынан 6-7 кичине кашыктын үстүнө 1 л сууну куюп, 15 мүнөт акырын отко кайнатып, тундуруп, сүзүп алат. Бир күндө 4-5 жолу аралыгы 3 сааттан 1 чоң кашыктан ичет.

Ич өткөнгө 1 кичине кашык майдаланган тамырынан алып, 1 л сууга кайнатып,1 күндө 2-3 жолу 50-70 граммдан ичүү керек. Айыкпаган ириңдүү жараларга, сыздоокко жалбырагын жанчып кургатып тартса бат айыгат. 20гр майдаланган тамырын алып, үстүнө 100 мл арак куюп, караңгы жерге 10 күн коюп коёт.

Алынган тунманы тамакка чейин бир күндө 2-3 жолу, 15-20 тамчыдан ичсе ревматизм айыгат.

1 чоң кашык майдаланган жалбырагына 400 гр сууну куюп, жай отко кайнатып, тундуруп сүзүп алат. Бир күндө 4 жолу тамакка чейин, 50 гр ичсе денеге чыккан

бүдүргө, кычышканга пайдалуу.

Тамырын кайнатып, денеге ванна кылса котурдан айыгат.

Ат кулактын составында:

C,A, PP,B1,B2, В5, В6, В9 - витаминдердин микроэлементтерден натрий, хлор, цинк, күкүрт, марганец, жез, йод, фтор, фосфор жана суюк заттар жана органикалык кислоталар бар. Жалбы рактын эрте жазда тамакка, салатка кошуп жесе авитаминозго пайдалуу болот.

Дарыгер Ташбү Каразакова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости