www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы эки жылдын ичинде чек ара маселеси абдан чоң мамлекеттик жана жарандык көйгөйгө айланып кетти. Мындай пикирин экс-депутат Ташболот Балтабаев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
--Ташболот агай, чек арадагы абалды жөнгө салыш үчүн эмне кылышыбыз керек?
--Каршылаш тарапка орустар айткандай - пряник и палка - бериш керек.
--Мекен чегинде мекенди коргоп жаткан эр жүрөк жоокерлерибиз катылгандын катыгын берип жатабы?
--Учкул сөз бар: "тынчтыкты кааласаң согушка даярдан" деген. Мунун мааниси - армияңды күчтүү кыл дегенди билдирет. Экинчиси, (негизгиси) ар бир согуш акыр аягында сүйлөшүү, келишими менен бүтөт. Жогорку айтылгандарды эске алсак, эки маселе боюнча тең жоопкерчилик биздин президенттин мойнуна илинген конституцияга ылайык.
Согуш варианты менен маселе чечүү абдан опурталдуу. Ошондуктан акыркы вариант болушу керек. Саясий жол менен маселе чечүүгө чечкиндүү аракеттерди керт башын сайып коюп аракет жасоого милдеттүү.
Президенттик шайлоодо элге берген негизги убадаларынын бири чек ара маселесин чечем деген убадасы болчу... Тескерисинче акыркы эки жылдын ичинде чек ара маселеси абдан чоң мамлекеттик жана жарандык көйгөйгө айланып кетти. Ошондуктан майда барат комиссиялар, достор, өкмөттүк ири чиновниктерге ишенип отура бербей өзү чуркай башташы керек. Анын ыкмалары көп. Аларды мен азыр атабай эле турайын.
Булак: NazarNews.kg