www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Тарыхка назар салсак 100 жылдык согуштан кийин да акыр аягында сүйлөшүү менен маселе чечилген» деди бүгүн, 4-июнда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Ташболот Балтабаев.

- Ташболот агай, Чоң-Алайдагы тажиктердин аракетинен улам, аларды Россия түрткүлөп, Кыргызстанга тукуруп жатат деген кептер айтыла баштады. Ишенсек болобу?

- Орто Азиядагы СССРдин курамында болгон Орто Азияда жайгашкан 5 республиканын ич ара абдан ынтымакта болгону Россия үчүн кызыктуу эмес. Муну түшүнүү үчүн көп акылдын же саясий кыраакылыктын деле кереги жок. Ошондой эле, кошунаң менен күндө жакалашып, чыр чатак менен жашаган да туура эмес. Ошондуктан, кызыкчылыктардын балансын табуу керек.

Маселе азыркы бийлик ошол балансты таба алабы же жокпу ошондо. Кыскасы, Кыргызстан бирөөгө вассал болуп, бирөө менен жакалашып жашоо ийгилик, өнүгүү, аброй алып келбейт. Тарыхка назар салсак 100 жылдык согуштан кийин да акыр аягында сүйлөшүү менен маселе чечилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости