www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулаар-курулбашы Кытай менен Орусиянын сүйлөшкөнүнө жараша болот”, - деди бүгүн, 7-февралда, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Ташболот Балтабаев.
- Ташболот агай, Президент Пекиндеги кышкы олимпиадага барганы туура эле болдубу? Айрымдар мусулмандарды геноцид кылган мамлекетке олимпиаданын ачылышын көргөнү барды деп сындап жатышат го?
- Кыргызстан кичинекей, алсыз мамлекет катары эки дөө-шаанын ортосунда турабыз. Бир жагы Кытай, экинчи жагы Орусия. Ошондуктан, каалайсыңбы каалабайсыңбы алар формалдуу түрдү Пекинге келип, олимпиаданын ачылышына катышып кет деп чакыруу бергенден кийин барбай койсоң геосаясий маанайда туура болбой калат. Эки мамлекетке көз каранды болгондон кийин баарууга мажбурбуз. Ошондуктан, ким президент болсо да баары бир бармак.
- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш иштери башталат деген маалымат тарай баштады. Чындап эле темир жол курулса, Кыргызстан үчүн пайдалуу болобу?
- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу туура деп 10 жылдан бери айтып жатабыз. Бирок, бул курулуштун ишке ашышына Орусия каршы. Өзбекстан менен Кыргызстан курулушту баштайлы, территорияны беребиз дегенибиз менен ал маселени Кытай чечет.
Анткени, ал темир жол Кытайдын каражатына курулат. Негизгиси курулуп калса жакшы болмок. Өзбекстан менен Кыргызстандын президенти суранганы менен каражатты Кытай чыгарганы үчүн булардын өтүнүчү чечүүчү күчкө ээ болбой жатат.
Кыскасы, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулаар курулбасы, кытай менен Орусиянын сүйлөшкөнүнө жараша болот.
Булак: NazarNews.kg