www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ташчайнар" каймана аты менен таанымал болгон балбан Нурлан Алишеров алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу жабырлануучу делинген тараптын жактоочусу Памир Суранбаев тарабынан белгилүү болду. Жактоочунун айтымында, 16-апрелде бул иш боюнча Биринчи Май райондук сотунда алгачкы соттук отурум болот.

"Жабырлануучунун аты Каныкей. Ал мындан 2 жыл мурда АКШга виза алмакчы болуп, Нурлан Алишеров менен келишим түзгөн. Анда визаны 15 миң долларга баалап, каражаттын жарымын, тагыраагы, 7 жарым миң долларды Нурлан Алишеров тил каттын негизинде алган. Акчанын калган бөлүгүн виза толук бүтүп, колуна тийгенде алмакчы болуп эки жак келишим түзгөн. Бирок виза ошол бойдон берилген эмес. Жабырлануучу 2019-жылы укук коргоо кызматкерлерине арыз менен кайрылып, тергөөчүлөр ишти карабай коюшкан. Мен бул иш боюнча эки жолу Башкы прокуратурага кайрылып, иш кайрадан кароого алынып, сотко өттү. 16-апрелде биринчи отурум болот", - деди жактоочу.

Бул билдирүүдөн кийин Алишер Нурлановго байланышканыбызда соттук отурум тууралуу кабары жок экенин айтты.

"Менин үстүмөн арыз жазылганы чын. Бирок бул жалган жалаа, мен бир сом дагы алган эмесмин. Далилдерим бар", - дейт ал.

Нурлан Алишеров окуянын чоо-жайын соттук процесстен кийин кеңири айтып берерин белгиледи.

Бирнчи Май райондук соту бул иш боюнча процесс 16-апрель күнү саат 15:00гө дайындалган деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости