www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-премьер, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин аянты 33 гектар болгон заводу бар. Бул туурасында УКМКнын жетекчиси чек арага жакын жайгашкан айылдардын жашоочулары менен жолугуп жатканда билдирди.
Анын айтымына караганда, бир адам эле 10-15 завод-фабрикаларды басып алган учурлар бар.
"Ачык айтып коеюн, Кубанычбек Жумалиев деген депутатты кармадык эле, "бизнес кылып тапкам" дейт. Кантип ал бизнес кылып табат? Бишкектеги ЭВМ заводу 33 гектар жерде турат экен, аны кантип сатып алат? Ошонун ичинде эле 37би же 38би, ири имарат бар экен. Ал сатып алган жок, ал — элдин ырыскысы", — деди Ташиев.
УКМК жетекчиси учурунда объектилер туура эмес менчиктештирилгенин белгиледи.
"Бизнес кылып кантип сатып алган? Ошонун баарына мамлекеттеги туура-туура эмес менчиктештирүүнүн эсебинен ээ болду. Азыр жыргап жашап жатат. Андан ары бала-чакасы, кийин неберелери жыргап жашайт. Ал эми баягы эч нерсе албай калган адамдар ошол бойдон калып кете берет. Ошондуктан, туугандар, социалдык теңдештирүүнү киргизиш керек. Ошондуктан, коррупционерлерди талкалап жок кылуу керек", — деди Ташиев.
Белгилей кетсек, депутат Кубанычбек Жумалиев 4-февралда коррупцияга шектелип камалган. Ал эл аралык медициналык университетке лицензияны мыйзамыз алганы жана 78ге жакын кыймылсыз мүлктүн ээси экени аныкталган.
Булак: NazarNews.kg