www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын биринчи борбору Жалал-Абад болгон. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ облуста эл менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ал Кара-Кыргыз автономиялык облусу түзүлгөн кезде алгач Жалал-Абад борбор катары кабыл алынганын айтты.

«1924-жылдын 12-октябрынан тарта 24-ноябрга чейин, Жусуп Абдырахмановдун жеке көрсөтмөсү менен Жалал-Абад борбор шаар болуп турган. Кийин Каменский (Михаил Каменский — ред.) бул жерде инсфаструктура жоктугун, үй-имарат курууга көп акча керектигин айтып, Пишпекке которуп кеткен», — деди Камчыбек Ташиев.

«Биз муну менен сыймыктанып жүрсөк болот. «Аккан арыктан сууга агат», — дейт, Жалал-Абад келечекте дагы борбор шаар болуп калабы, аны бир Кудай билет», — деди Камчыбек Ташиев.

Последние новости