www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК Төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев Кембридж университетине окууга кабыл алынган Н.Ногойбаевге каржылык колдоо көрсөттү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Бүгүн, 29-июлда Камчыбек Ташиев Нарын облусунун Ат-Башы айылынын тургуну Нурлан Ногойбаевди кабыл алды. Ногойбаев Англиядагы Кембридж университенин Технология саясаты боюнча магистратурага тапшырып, окууга кабыл алынган. Кембридж университети дүйнө жүзүндөгү эң кадыр-барктуу жогорку окуу жайларынын бири болуп, ал жакта контракттык төлөмдүн баасы жогору болуп саналат.
Ногойбаев «Эл үмүтү» Президенттик стипендиясына ээ болуп, каржылык колдоо алган. Деген менен акча каражаты толук түрдө контракттык төлөмгө жетпегендиктен, калган суммага көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен УКМК төрагасы Ташиевге кайрылган. Генерал-полковник өтүнүч катты дароо кабыл алып, Ногойбаевге керектүү акча каражатын тапшырды.
УКМК төрагасы билимдүү жаштар өлкөнүн эртеңки келечеги экендигин баса белгилеп, Нурлан Ногойбаевдин окуусуна ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, Н.Ногойбаев буга чейин Франциянын Париж шаарындагы жогорку окуу жайларынын биринен Жасалма интеллект боюнча магистратурасын аяктаган. Акыркы эки жарым жылдан бери Париж шаарында авиация тармагында инженер болуп иштеп келет.