www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев көп балалуу жалгыз бой энеге эки бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025–жылдын 24-сентябрында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев 7 балалуу жалгыз бой эне Гүлнура Саламатовага эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
Г.Саламатова жалгыз бой эне, үй-бүлөлүк пикир келишпестиктен жана спирт ичимдиктерин үзгүлтүксүз ичүүдөн улам жолдошу менен ажырашып кеткен. 2025-жылдын ортосунда ал "Аялзат" балдар жана аялдар үчүн кризистик борборуна кайрылып, ал жерде 7 баласы менен азыркы учурда убактылуу жашап жатат.
Мындан тышкары Г.Саламатова колунда 10 айлык баласы бар оор турмуштук жагдайдан улам ишке орношо албай, жашоо үчүн турак жайды ижарага ала албай, КР УКМКнын төрагасы генерал-полковник К. Ташиевге жардам сурап кайрылган.
Жыйынтыгында генерал-полковник К.Ташиев Г. Саламатованын үй-бүлөлүк абалын эске алып, көп балалуу үй-бүлөгө колдоо көрсөтүү үчүн Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батир белекке берди.
Генерал-полковник К. Ташиев Г.Саламатовага жана анын көп балалуу үй-бүлөсүнө бекем ден соолук жана жаркын келечек каалады.
Өз кезегинде Г.Саламатова генерал-полковник К.К.Ташиевге көп балалуу жана муктаж үй-бүлөлөргө көп жылдык активдүү жардамы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.