www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын районунда айыл чарба техникаларын тапшырды. Иш-чарадан кийин ал аймактагы айыл өкмөт башчыларын таза иштөөгө чакырды.
«Кимиңерди текшертейин? Өткөндө бирөө “мени текшертиңиз” дегенде “тазасыңбы” десем, “тазамын” деген. Азыр түрмөдө отурат. Баарыңарга эскертип коеюн — таза иштегиле! Колуңар туткак болсо, дүнүйөгө кызыксаңар, жумушту таштап бизнес кылгыла. Эл үчүн иштешиңер керек», — деди Ташиев.
Ал ошондой эле өзүнүн аймактарды кыдыруусун эл иши үчүн акысыз аткарып жатканын белгилеп, жетекчилерди да ошол принцип менен иштөөгө үндөдү.
Мындан тышкары, Ташиев Ак-Талаа районунун жаңы дайындалган акимине жолугуп, октябрдын башында кайрадан районго келерин билдирди.