www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саат 14:00дө Жогорку Кеңештин жыйынына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев келет. Мындай чечимди депутаттар 2-февралда кабыл алды.

Депутат Нурлан Шакиев (Аксы округу) билдиргендей, Ташиев 31-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жабык жыйынында коомдо кызуу талкууланып жаткан No39 протокол боюнча кеңири маалымат берген.

Кээ бир саясатчылар, активисттер маалыматты бурмалап жатышат, ошондуктан Ташиевди жыйынга чакырсак, ал бул жерде да көпчүлүккө кырдаалды түшүндүрүп берсиг, дейт депутат.

Депутат Жениш Токторбаев («Ата Журт-Кыргызстан») дагы Ташиев менен Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев парламентке келип, депутаттарга абал кандай экенин түшүндүрүшү керек деп эсептейт.

Буга чейин К.Ташиев №39 протоколго ылайык, айрымдар ар кандай божомолдорду жасап жатканын билдирген.

«Туура эмес маалымат берип жаткан айрым саясатчыларга, чала блогерлерге, депутаттарга ажиотаж жаратпагыла деп кайрылып кетет элем. Лейлек анклав болбойт. Мунун баары жалган маалымат», - деди ал.

2021-жылдын 6-майында Кыргызстандын өкмөтү чек ара боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын биргелешкен билдирүүсүн жарыялады. Текстти менен бул жерден таанышууга болот.

Тажикстан тексттин версиясын 2021-жылдын 5-майында «Ховар» мамлекеттик маалымат агенттиги аркылуу жарыялады. Чек ара боюнча биргелешкен билдирүүнүн текстинин кыргыз жана тажик версиялары кандай айырмаланарын бул жерден окуй аласыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости