www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташиев: Тажик тарап Лейлектин 70%ына көз артып келген

Тажикстан 210 миң гектар жерди талаштуу эсептеп, Лейлектин 70 пайызына көз артып келген. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 1008,14 чакырымды түзөт.

"Чек аранын 519,9 чакырымы 2011-жылга чейин аныкталган. Калган 488,24 чакырымы акыркы үч жылда такталды. 2011-жылы бекитилген чек ара тилкеси боюнча келишимге тажик тарап кол коюуну сунуштаган. Ал эми калган жерди ортодон бөлөбүз дешкен. Тажик тарап 210 миң гектар жерди талаштуу деп эсептеп келишкен. Бул Лейлектин 70 пайызы, Баткендин жарымы болот", — деди Ташиев.

УКМК төрагасы мындан улам кыргыз тарап чек ара толук такталмайын келишимге кол койбой келгенин белгиледи.

"Тажик тарап 1924-1927-жылдардагы материалдар менен 2024-жылга чейин иштеп келген. Ошондо "силер биздин жерлерге доомат кое берсеңер биз дагы Мургабга доомат коебуз, аны алууга акыбыз бар жана күчүбүз жетет" дегем. Андан кийин тажик тарап макул болуп, 44-протоколго кол койгонбуз. Мындан ары чек араны тактоону 1991-жылкы КМШ мамлекеттеринин декларациясынын негизинде жүргүзөбүз деп сүйлөшүп, ошондон кийин чек араны тактоо иштери жакшы жүрүп кетти", — деди Ташиев.

Учурда Жогорку Кеңеште 13-мартта Бишкекте кол коюлган "Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу", "Автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу", "Суу чарба жана энергетика объектилерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорлору каралууда. Бул боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасап жасап жатат.

Последние новости