www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-мартта журналисттерге чек ара маселелери боюнча маалымат берип жаткан Камчыбек Ташиев темадан тышкары берилген суроолорго дагы жооп берди. Анда коррупциялык иштерге катыштыгы бар делген мурдагы жана азыркы аткаминерлерден өлкө бюджетине топтолгон акча тууралуу дагы суроо берилди.

"Ооба, көптөгөн ири кармоолор болуп жатат. Бирок алар кармалып кайра үй камагына же ооруп ооруканаларга чыгарылып жатат. Жалпысынан бул эсепке канча акча которулду. Алардын акча которуусу силерди "сатып алуу" эмеспи?", - деди журналист.

"Эч кандай сатып алуу жок, биз ачык иштеп жатабыз. Себеби УКМКнын башында мен отурам. Демек, коррупционерлерден өзүмө эч нерсе албайм. Биз коррупционерлер келтирген зыянды аныктап, аларга айтып, алар тергөө менен иштешүү келишими менен аныкталган сумманы төлөп берип жатышат. Алардын баарын кантип камайбыз? УКМКнын СИЗОсунда 70 орун бар.

Күндө ондогон миллион сомдор мамлекетке төгүлүп жатат, мунун баары бюджетке которулат, - деди Ташиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости