www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатта чалынып, кайра бутуна турган кыргыз саясатчылары аз гана. Алардын бири Камчыбек Ташиев. Бул каарман жеке өзүнүн кызыкчылыгынан башкалардын кызыкчылыгын жогору койгонун коомчулук жакшы билет. Президенттик шайлоодо дагы башка саясатчылардан айырмаланып, Сооронбай Жээнбековду кызмат үчүн колдогон жок. Жээнбеков президент болгон соң Камчыкени кабыл алып, өнөктөш мамлекеттеги элчилик кызматты аркалап беришин суранат. Табиятынан кызматтын кулу болбогон Ташиев сунуштан баш тартып, бир гана суранычы Атамбаевдин саясатына каршы чыкканы үчүн абакта жаткан абийир туткундарын бошотуп берүүсүн гана өтүнүптүр. Кубан Кадыров, Бектур Асановдун абактан чыгышына Ташиевдин салымы чоң. Ташиевдин устаты Бекболот Талгарбековду темир тордон чыгышына Ташиев себепкердей:

Камчыбек ТАШИЕВ, УКМКнын жетекчиси:

 “Менин улуу устатым – Бекболот Талгарбеков!”

-- Ар бир адам өзүнүн өмүр жолунда, турмушунда, кесибинде, саясатта бир нече устатты тааныйт, билет. Менин турмуштагы, саясат жолундагы улуу устатым – Бекболот Талгарбеков. Ал кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал инсан, мыкты адам, чыныгы реформатор, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер.

Тээ 1997-жылы, мен Россиядан жогорку окуу жайын бүтүрүп келип, жаңыдан элге аралаша баштаган элем. Ал кезде Талгарбеков Жалал-Абад облусунун губернатору экен. Ушул жалган жашоодо өмүр жолума адамгерчилиги бийик ушундай залкар инсанга жолуктурган Кудайыма ыраазымын! Мына ошол убактан бери мага турмуштук сабагын берип, ишимди туура жолго багыттап келе жатат. Менин жашоомдогу ийгилигиме, саясаттагы жетишкендиктериме Бекболот агамдын көрөгөчтүгү, чыдамкайлыгы, терең акылы жана адилет сыны себепчи болгон. Ал эми бул кишинин билимин жана тажрыйбасын, күч-кубатын дагы да колдонобуз, буюрса. Биздин бийик максаттар айкын, изги ниеттерибиз бекем, аларды аткарууга убакыт бар, а устатымдын күч-кубаты жетиштүү... 

Урматтуу Бекболот Талгарбекович! 65 жаш курагыңыз куттуу болсун! Эл-журтум, мамлекетим деген асыл ой-максаттарыңыз, аруу тилектериңиз ишке ашып, көп жашаңыз!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости