www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-июлдагы «75чилердин каты» деп аталган кылмыш иши боюнча кезектеги сот отуруму уланууда. Бул иш боюнча бүгүн сот өкүмү чыгышы мүмкүн экени айтылууда. 

Учурда айыпталуучу Эмил Узакбаевдин жактоочусунан башка айыпталуучулардын жактоочулары жарыш сөзгө чыгып сүйлөп бүтүштү. Бул тууралуу айыпталуучу Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамдин Айткулов айтты.

Айткулов өз сөзүндө: “Менин оюм боюнча баары акталышы керек, тергөөнүн деңгээли өтөт төмөн. Конкреттүү далил, эч кандай негиз жок, мен өзүм таң калып жатам”, - деп билдирди. 

Ошондой эле, жактоочулардын сөзүнөн кийин айыпталуучуларга сөз бериле турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, саясатчы Бекболот Талгарбеков, мурдагы вице-премьер Аалы Карашев, мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, ошондой эле Эмилбек Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаевге карата «бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айып тагылууда.

Последние новости