www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2025-жылдын 29-октябрында КР УКМКнын аскер бөлүгүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин катышуусунда “2025-Күз” толуктоого келген жаш жоокерлер салтанаттуу түрдө Аскердик ант беришти. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ошондой эле, 2024-күз чакырылышында аскерге келген жогорку билимдүү жоокерлер КР КК күжүрмөн даярдоо борборунда атайын курстан өтүп, биринчи запастагы “лейтенант” офицердик наамдарын жана погондорду тапшыруу аземи болуп өттү.

УКМК төрагасы ант берген жаш жоокерлерди куттуктап, аларды аскердик милдеттерди татыктуу жана жогорку кайраттуулук менен аткарууга чакырды. Генерал-полковник мекен алдында чоң жоопкерчилик алып, мамлекеттин туруктуулугун сактоодо кызмат өтөөгө белсенип жаткан ар бир жоокер, жүрөгүндө өчпөс жалыны менен, эл үчүн, жер үчүн болгон күч аракетин жумшоосу керектигин кошумчалады. 

Мындан тышкары К.Ташиев КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн “Жетиген” согуштук-күжүрмөн даярдоо борборун ийгиликтүү аяктап, “лейтенант” аскердик наамын алган жоокерлерди да куттуктады. Анда төрага алган аскердик наамга татыктуу болуп, ак ниет кызмат кылуу башкы талап экенин белгиледи. 

Иш-чаранын соңунда УКМК төрагасы К.Ташиев жаш жоокерлердин ата-энелери менен жоолугуп, алар менен пикир алышты.


       

Последние новости