www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз саясатында көпчүлүк үн катпай эле өткөрүп жиберген маселелерди Камчыбек Ташиев эл алдында, түз айтканды артык көрөт. Бул жолу да УКМК төрагасы коомчулуктун назарын өзүнө бура алды. Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевге карата: «Бизге Транспорт министрлигине акча бердик деген арыздар түшүп жатат. Эгер алар далилденсе, сени камайм. Эч кимди аябайм. Башкаларга сабак болсун деп, отургузам», - деп айткан эскертүүсү жөн гана чиновниктин ишине нааразылык эмес, бул бийликтеги ыкчам, бирок катаал тазалоо иш-аракетинин белгиси катары кабыл алынды.
Бул окуя коомчулук арасында бир топ талкууларды жаратып, Сыргабаевдин кызматтан кетиши мүмкүн деген божомолдорго себеп болду. Мурдагы жылдары анча байкалбаган мындай катуу риторика — азыркы бийликтин башкаруу стилинде күч органдарынын таасири канчалык чоң экенин дагы бир жолу көрсөттү.
Кызыгы, Абсаттар Сыргабаев кадимки эле министр эмес. Ал “Мекенчил” партиясынын өкүлү катары 2020-жылдагы шайлоого катышып, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев турган командада 5-орунда болгон. Ошондой эле президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп иштеген. Башкача айтканда, ал — азыркы бийликтин “өз командасынан чыккан” кадр. Бирок, Ташиевдин билдирүүсү бул командада да эч ким “кепилденген кол тийбестикке” ээ эместигин көрсөтүп турат.
Эгер министр Сыргабаев кызматтан алынып, же катаал жазага кириптер болсо, бул окуя Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруудагы өзгөрүүлөрдүн символу катары да каралышы мүмкүн. Башкача айтканда системаны "тазалоо", эл алдындагы кескин билдирүүлөргө карата жоопкерчиликти персоналдаштыруу этабына өткөнүн далилдейт. Бир жагынан бул — элдин ишенимин алуу аракети. Башка жагынан — күч колдонуу аркылуу башкаруунун өзгөчө белгиси.
Ырасында, Камчыбек Ташиевдин “Эч кимди аябайм” деген сөзү — жөн гана бир министрге айтылган эскертүү эмес. Бул — жалпы система үчүн сигнал. "Кол тийбес" кадр жок, керек болсо "өз кишилерге" да мунапыс болбойт деген билдирүү. Арийне, мындай риторика реалдуу реформаларга алып келеби? Же болбосо саясий оппоненттерди жана кадрларды тез алмаштыруу үчүн колдонулган ыкма болуп калабы? Бул суроонун жообу убакыттын сыноосунан кийин гана билинет.