www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын шаарындагы жолдорду капиталдык оңдоо иштерин жасоодо мыйзамсыз иштерге шектелгендер кармалганын УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2024-2025-жылдарда Нарын шаарындагы Ж.Шералиев жана Ленин көчөлөрүндө капиталдык оңдоо иштерин текшерүү штеринин алкагында, КР УКМК жана ИИМдин Нарын ОИИБ тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) фактысы менен иш козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2025-жылдын 31-август күнү Нарын ОИИБдин кызматкерлери тарабынан Нарын шаарындагы Шералиева жана Ленин көчөлөрүндө жүрүп жаткан капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого шектелип КР Транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары «С.Т.» жана «Бета-Групп» ЖЧКнын аткаруучу директору «М.А.» кармалды.
Кармалгандар Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде Нарын облусунун Ат-Башы РИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда бул фактыга башка дагы кызмат адамдардын тийешеси бардыгы боюнча КР УКМК жана Нарын ОИИБ тарабынан ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, кечээ, 31-августта, Ташиев Сузак районундагы курулуштарды кыдырып жүрүп, телефон аркылуу Нарын шаарында жол салып жаткан ишкана убада кылган мөөнөтүнөн кечиккенин айтып, жетекчисин жана министрдин орун басарын тез арада камоого тапшырма берген.